БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. КСДП фракциясы бир добуштан Жогорку Кеңештин төрагалыгына Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин колдоду. Бул тууралуу аталган фракциянын катчылыгы билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин Турсунбековдун талапкерлигин "Республика — Ата-Журт" фракциясы да жактырып, ал эми "Ата Мекен" КСДП кимди көрсөтсө ошол адамдын талапкерлигин колдой турганын билдирген.
Буга чейин спикерликке талапкерлигин койгон Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаев шайлоодо 51ден добуш алып, жарыштан четтеп калган.