БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. "Республика — Ата-Журт" фракциясы Жогорку Кеңештин төрагалыгына Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин колдоого алганын фракциянын маалымат кызматы билдирди.
Малыматта айтылгандай, "Республика — Ата-Журт" фракциясынын бардык мүчөлөрү бир добуш менен Турсунбековдун талапкерлигин колдогон.
"Республика — Ата-Журт" бардык парламенттик фракцияларды Жогорку Кеңештин төрагалыгына Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин колдоп берүүгө чакырат", — деп айтылат маалыматта.
КСДП фракциясы парламентте эң чоң фракция болгонуна байланыштуу Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигине токтолууга түрткү болгону маалыматта белгиленген.