БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Жогорку Кеӊештин тармактык комитети төрагалыкка Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирет.
Бүгүн, 19-апрелде парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде аталган маселе каралып, талапкерлерди парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.
Буга чейин КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков көпчүлүк коалициясы аталган эки талапкерди тең Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгууга ыктап калганын билдирген.