Сагынычтуу салам кат,
Сагынганда жетсин бат!..
…Ушинтип баштап жазчу элек да бир кезде. Колума калем алып, айылым, сени көздөй салам дубай жөнөтпөгөнүмө көп болуптур. Анда эмесе, баштайын.
Амансыңбы, кутман айылым! Эл-журт тынч, мал-жаның эсенби? Аксакалдуу аталар, элечекчен апалар, күүлүү-күчтүү турасыңарбы? Жаз — жарыш, күз — күрөш дечү эле, элдин баары азыр талаада болсо керек. Күндүн көзү ачылбай жатат деди эле, көк чыгып калгандыр. Киндик кан тамган Орто-Каманды жайлоосунда, балалыгым өткөн Аксай, Арпада эми жай келет, ал жакта чөп тушардан болуп өсчү эле.
Андан да Калича апамдын "кошкон чайын" же өздөрү айтмакчы "кемпир чайын" сагындым. Атайы казанын асып, ага чайын да, сүтүн да кошуп кайнатып берер эле. "Три в одном" деген көрсө, илгери эле бизде бар экен да. Баса, Мария апамдын багы эмне болгон? Өткөндө барып карасам, суюла түшкөндөй көрүндү. Болбосо балдар менен чогулуп, чүкө атып, чып этме, жашынмак ойноп, рогатка атып, кышкысын хоккей ойноп, муз тепкен жерибиз ошол эмес беле.
Азыр кат жазып жатып, мен бала кездеги байбичелер көз алдыма тартыла түштү. Пенсия алар күнү жакшынакай кийинип алышып, чогуусу менен барып акчасын алып, кайра чогуусу менен келип, бири-бириникинен чай ичип, анда-санда "Ай нуру төлүлүптү" созолонтуп ырдап калышар эле. Бул апалардын баарынын көзү өтүп кетти. Негедир азыр мен ошолордой балпайган кемпир, дөөлөт күтүп, акыл-нускадан кеп салган карыяларды таппай келем. Ыйык нерсемди жоготкондой, коңултактап, негедир бөксөрүп кетем.
Атам экөөбүз кой кайтарып чыккан Кургак-Кайкы, Кулдар жайлоо, Рай, Чолок-Төр, Суулуу-Кайкы, Жүрөк-Өтөк жайлоосунун тоолору бөксөрбөй-кемибей ошол кездегидей эле турабы? Мөлтүр кашка булагың соолубай, дагы деле мурдагыдай күчкө күч кошуп, сергитип, байытып келеби? Ал кезде атам экөөбүз жайдын толгон кезинде бир ай күндүр-түндүр кой артында болчубуз. Жайлообек байкем улуубуз болуп, окууга кетип, андан кийинкилердин баары кыз болуп, мал-жандын түйшүгү менде эле. Атам экөөбүздө тең бирден мылтык. Эртең менен туруп, боз эшегимди минип алып, жылкыны желени көздөй айдап кетчүмүн. Мен келгенден кийин атам жөнөп кетчү.
Бир кезде мугалимдер "ынтымактуу болгула, кийин бири-бириңерди, айылды сагынасыңар" дечү эле. Кантип эле ошондой болсун, андан көрө эртерээк чоңойсок экен деп каткырып күлчүбүз. Алтындай болгон агай-эжелерим! Ошондо эле чокуга бир коюп "сагынасың, сагынганда да кээде кусаң ичиңе батпай, буулугуп сагынасың. Көр тирилик деген соруп кетет, ошондо баарын таштап далай ирет айылга качып кеткиң келет, абасы, боз топурагы, чаң баскан жолу көзүңөн учат, жетпей кыйналасың" деп катуураак эле айтып койбойт белеңер…
Баса, өткөндө Рысбайдын "Сагындым туулган жер сени" деген ырын жаздырдым. Ушул ырды уккан сайын сени эстеп, миң толгонуп, ичим элжиреп, эт-жүрөгүм эзилип кетчү эле. Канча батына албай жүрдүм ырдайын деп. Акыры белсендим, болбосо "тынчыбай койду санаалар"…
деп уулуң Токо