БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бейшембиде өз милдетин аткарууга киришти. Жаңы өкмөт башчыны парламент шаршемби күнү шайлап, президент ошол эле күнү аны дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койгон.
Sputnik Кыргызстан мамлекеттин турмушунда жаңы премьер-министрдин алдыдагы ролу жана иш-аракеттери туурасында эксперттер менен саясат таануучулардын пикирин билип көрдү.
Жымжырттык гана…
Саясат таануучу Бакыт Бакетаев пансионаттарды чуулгандуу "тартып алуулар" жана ЕАЭБге кирүү менен коштолгон Сариевдин башкаруусунан кийин прагматизм жана тынчтык мезгилинин кезеги жетти деп эсептейт.
Саясат таануучу ошол эле учурда ал бардык нерсени жасайм деп жанталашпай эле койгону жөндүү болорун айтты.
"Себеби мурдагы курамында калган министрлер кабинетинин мындан чоң ишке кудурети жетпейт. Анын алдына эки-үч милдет коюлган, ал ошолордун аткарылышын камсыз кылуусу керек", — деген пикирин айтты.
Жээнбеков — техникалык премьер
Саясат таануучу Игорь Шестаков да ушундай пикирде. Ал жаңы дайындалган өкмөт башчысын "техникалык премьер" деп атады.
"Узакка созулган тыныгуудан кийин өкмөттү башкарууга КСДПнын өкүлү келди. Бул албетте, партиянын ролун күчөтүп, президенттик шайлоону тынч өткөрүүдө ага ишенич берет. Бирок андан кайсы бир реформаларды жана кескин алдыга жылууларды күтүп кереги жок", — деди Шестаков.
"Жаңы премьердин тынч күрөш" техникасы элдин бейкуттугун экономикалык оош-кыйыштардан сактап жана мамлекеттин жаңы башчысын шайлоо мезгилинде коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылышы керек. Ага тагылган башкы милдеттер мына ушулар. Жээнбеков креслосунда мурдагылардан узак отурушу да мүмкүн. Ошентсе да анын премьерлик өмүрү узун болот деп алдын ала айта албайм", — дейт эксперт.
Премьер күчтүү экен го…
Бешинчи чакырылыштагы депутат, экс-премьер Феликс Кулов азыркы өкмөт тынч гана аткаруучу болот дегенге макул эмес. Ошону менен катар, ал жаңы премьердин тажрыйбасы жетиштүү жана коюлган бардык милдетти аткарууга күчү жетет деп эсептейт.
"Эгер премьер "азуусуз" болсо, көпкө иштей албайт. Бирок Жээнбеков саясатта көптөн бери жүргөнүн эске алганда, ал унчукпай айтканды кылат деп күтүүгө болбойт. Анан калса, Конституция президент менен премьердин күчтөрү түп-тамырынан алмашкыдай өзгөрүшү мүмкүн", — деди Кулов.
Башкы мыйзамдын тийиштүү жерлери өзгөрө турган болсо, президенттик шайлоо жалпы элдик болбостон, мамлекет башчысын парламент менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү шайлап калышы ыктымал деп белгиледи ал.
"Бирок азыркы кезде өкмөттүн алдында кеп-кеңештерди берип, келечек үчүн иштей турган аналитикалык борбор түзүү зарыл. Себеби министрликтердин күнүмдүк иштери көп жана глобалдуу ой жүгүртө алышпайт", — деди Кулов.
Мөөнөтүнөн эрте болушу мүмкүн
Серепчи Марс Сариев президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда болушу мүмкүндүгүн айтып, Жээнбеков премьерликке дал ушул себептен келди дейт.
"Президенттик шайлоо мөөнөтүнөн эрте "мен чарчадым же ооруп жатам" деген шылтоо менен болушу мүмкүн. Кандай болсо да бул оппозиция өзгөрүүлөргө карата жооп кайтара албай жана шайлоого даярданганга үлгүрбөй калышы үчүн жасалат. Бирок, дегинкиси, тынч шайлоо процесси өлкө багыт алган өнүгүү курсун жана кезексиз башаламандыктан оолак болуш үчүн зарыл", — деди Сариев.
Анын пикиринде, азыркы шартта президенттикке талапкер Асылбек Жээнбеков болушу мүмкүн, ошол эле учурда анын премьер бир тууганы кызматынан кетет. Ошондой эле россиялык инвестицияларды алып келип жана электораттын колдоосуна ээ болуга үлгүрө турган Кубанычбек Кулматов да талапкер болушу ыктымал. Бирок кантсе да азырынча эч ким билбеген, күтүүсүз талапкерлер да чыга келиши мүмкүн, бул Ак үйдүн көп пайдалуу оюнунан кыйыр кабар берет.
"Премьер тынч роль аткарат деп айтпайт элем. Бул болочок президентке туруктуу өтүп, өлкөнүн өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн зарыл негиздерди түптөй турган күчтүү фигура болот", — деди эксперт.
Эскерте кетсек, президенттик шайлоо Кыргызстанда 2017-жылдын күзүндө өтүшү керек.