БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Сооронбай Жээнбековду премьер-министрлик кызматка дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу РФ өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.
Медведев өз куттуктоосунда Россия менен Кыргызстанды бекем достук жана өнөктөштүк мамиле байланыштырып турарын белгилеген.
"Мындан аркы соода-экономикалык, энергетика, инфраструктуралык, маданий жана гуманитардык жаатта жана ЕАЭБ алкагындагы эки тараптуу кызматташуу мамлекеттердин кызыкчылыгына шайкеш келерине ишенем", — деп айтылат телеграммада.
Шаршемби күнү ЖК депутаттары бир добуштан Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин жана ал сунуштаган өкмөттүн түзүмү, курамы жана программасын колдоп берди. Андан соң президент Алмазбек Атамбаев Жээнбековдун өкмөт башчылыкка дайындоо боюнча жарлыкка кол койгон.