БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбеков жетектей турган жаңы өкмөттүн курамын бекитүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык:
- Акылбек Осмоналиев — өкмөттүн аппарат жетекчиси;
- Эрлан Абдылдаев — тышкы иштер министри;
- Мелис Турганбаев — ички ичтер министри;
- Жылдыз Мамбеталиева — юстиция министри;
- Адылбек Касымалиев — финансы министри;
- Арзыбек Кожошев — экономика жана өнөр жай министри;
- Турдуназир Бекбоев — айыл чарба жана мелиорация министри;
- Замирбек Айдаров— транспорт жана коммуникация министри;
- Кубатбек Боронов — өзгөчө кырдаалдар министри;
- Эльвира Сариева — билим берүү жана илим министр;
- Талантбек Батыралиев — саламаттык сактоо министр;
- Алтынбек Максутов — маданият, маалымат жана туризм министри;
- Кудайберген Базарбаев — социалдык өнүгүү министри;
Ал эми президенттин башка буйругу менен буга чейин Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп дайындалган. Ошондой эле Мухамметкалый Абулгазиев биринчи вице-премьер-министр, Гүлмира Кудайбердиева менен Олег Панкратов вице-премьер-министр болуп дайындалышты.