БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Жаңы өкмөт башчы бүгүн шайланышы мүмкүн.
Буга чейин КСДП партиясы премьер-министрликке Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөтүп, аны көпчүлүк коалиция колдогон. Темир Сариев кызматтан кеткенден кийин өкмөт башчынын орду бош калган.
Парламенттин жыйынында эми экс-төрага болуп калган Асылбек Жээнбеков өкмөт башчынын талапкерлигин оппозициялык "Республика — Ата-Журт" менен "Бир Бол" фракциялары жана профилдик комитеттер карашы керектигин айтты.