ЖК спикери Асылбек Жээнбеков кызматын тапшырды
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков агасынын өкмөт башчылыкка талапкерлиги көрсөтүлүп жаткандыгына байланыштуу спикерлик кызматын тапшырды.
"Менин бир тууган агам Сооронбай Жээнбековдун премьерлик кызматка талапкерлиги көрсөтүлүп жаткандыгына байланыштуу 13-апрелден тарта ЖК төрагалык кызматын тапшырам", — деди Асылбек Жээнбеков.
Ал иштешкен парламент депутаттарына жана коомчулукка ыраазычылыгын билдирди.
Кечээ КСДП фракциясы көрсөткөн Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин коалициялык көпчүлүктүн фракциялары колдоп беришкен. Ал премьерликтен отставкага кеткен Темир Сариевдин ордуна сунушталып жатат.
Асылбек Жээнбеков үч чакырылыштын депутаты жана эки чакырылыштын спикери болгон.