БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Жыл башында башталган театрлар таймашы Ош шаарында уланып жатканын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Бүгүн Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек театрында башталган иш-чарага алты театр катышып жатат.
13-апрелде Ажыбаев атындагы Алай музыкалык-драма театры менен Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек театры беттешет. Эртең, 14-апрелде Талас облустук музыкалык-драма театры менен Султан Ибраимов атындагы Ош облустук кыргыз драма театры күч сынашат. Ал эми таймаштын акыркы күнү, 15-апрелде Баткен облустук музыкалык-драма театры менен Барпы атындагы Жалал-Абад облустук драма театры ат салышат.
Театрлар таймашы министрлик тарабынан демилгеленип, алгачкысында Мамлекеттик "Учур" жаштар театры менен сахнага чыккан Бакен Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры утуп кеткен.
Андан кийинкисинде Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук драма театры менен Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры беттешип, экинчиси жеңишке жеткен.