БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстанда олимпиадалык эмес спорттун түрлөрү боюнча биринчилик өтөт.
Олимпиадалык эмес спорттун түрү боюнча федерациянын маалыматына ылайык, мелдеш 16-22-май күндөрү Бишкек шаарында өтөт.
Программада спорттун тогуз түрү камтылган. Анда спортчулар мини-футбол, кол күрөш, оордук көтөрүү, алыш, мушташ, кикбоксинг, ушу саньда, самбо жана таяк тартыш боюнча күч сынашат.
Таймашка Кыргызстандын бардын булуң-бурчунан келген 17 жашка чейинки спортчулар катышат.
Анын жыйынтыгы менен жалпы командалык орундар аныкталмакчы.