Кыргызстанда 2010-жылы апрель революциясында каза болгондор эскерилди. Ал эми Грециянын качкындары каршылык акциясын өткөрүштү.
Японияда жаңы кафе ачылды, ал жакка келген жарандар тирүү кирпилерди кармай алышат. Ал арада Англияда жыл сайын өтүүчү Grand National ат чабышы 100 миң сүрөөнчүнүн катышуусунда өткөрүлдү.
Америкалыктар экзоскелет ойлоп табышты. Ал аркылуу жарандар өздөрүн картаң жана оорулуу сезе алышат. Пакистанда катуу суу ташкыны болуп өттү.
ESA астронавты Тимоти Пик эл аралык космостук станцияга болгон сапарында айды сүрөткө тартты. Ал эми япон кыздары реслинг боюнча күч сынашты.
Сочиде BoogelWoogel фестивалы өткөрүлдү. Анда купальникчен кыздар ак карлуу тоодон муз тебишти.
Франциядагы "Жоффруа Гишар" стадионунда химиялык жардыруулардан сактануу жолдору окутулду.

BoogelWoogel фестивалында купальникчен кыздар Сочи улуттук паркындагы тоо лыжа курортунда селфи жасашты. Иш-чара Гиннес рекорд китебине кирүүгө талапкерлигин койгон

Франциядагы Сент-Этьене шаарында "Жоффруа Гишар" стадионунда химиялык жардыруулардан сактануу жолдору окутулду. Машыгуулар 10-июндан 11-июлга чейин өтө турган футбол боюнча Европа чемпионатына карата өткөрүлдү

Грециянын Хиос аралында качкындар балдары менен нааразылык акциясына чыгышты. Алар бозгундарды Түркияга депортациялоо чечимине каршы болушууда

Aspen Ideas-2015 фестивалында америкалык компания жаңы чыккан экзоскелетти көрсөттү. Аталган жабдык аркылуу жарандар өздөрүн картаң жана оорулуу сезе алышат. Кастюм бут иштебей, кулак укпай, көрүү начарлагандай сезимдерди жарата алат

Сакал жана мурут коюу боюнча Россиянын Москвада өткөн IV чемпионаты. Таймаш сакал менен муруттун узундугу жана ар кандай түрлөрү сыяктуу он чакты категорияда өткөрүлгөн. Чемпионат 2013-жыдан тарта тартууланып келет. 2015-жылы чемпиондук үчүн Россиянын 21 шаарынан жана чет мамлекеттен келген 115 жаран катышкан

Кытайдагы Фуцзянь провинциясында ак чайдын жалбырактарын кургатуу

Айдын сүрөтү. Аны ESA астронавты Тимоти Пик эл аралык космостук станцияга болгон 47-сапарында тарткан

Токиодо алгачкы ирет өзгөчө кафе ачылды. Ал жакка келген жарандар тирүү кирпилерди кармай алышат. Кафеде кирпилердин 20дан ашык түрлөрү бар. Жаныбарлар айнек жащиктерде багылат. Алардын ар бирин кармап көрүүгө болот

Филиппин боксчусу Мэнни Пакьянын америкалык Тимоти Брэдли менен Лас-Вегаста болгон беттешүүсү. Ал калыстардын бирдиктүү чечими менен WBO International титулун жеңип алган. Бул Пакьянын 58-жеңиши. Ал буга чейин алты жолу жеңилип, эки жолу тең чыккан. Мушкердин эң биринчи таймашы 1995-жылдын январь айында өткөн

Балыкчы Парусник балык этин Могадишодогу (Сомали) балык базарына алып бара жатат

Өткөн жумада катуу жааган жаандан улам Пакистанда суу ташкыны болуп өттү. Тилсиз жоодон 93 адам жабыр тартып, 1346 үй талкаланган. Өткөн жылы суу ташкындан 81 адам жабыр тартып, 300 миң жаран чыгым тарткан

Кыргызстанда апрель революциясынын алты жылдыгы белгиленди. 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда элдик ыңкылап болуп, ал Апрель революциясы деп аталып калды. Окуядан кийин өлкөдөн президент Курманбек Бакиев качып кеткен. Революцияда кан төгүлүп 87 адам каза таап, 400 жаран ар кандай жаракат алган. Алардын 36сы кийинчерээк көз жумган. Президент Алмазбек Атамбаев 7-апрель эскерүү күнүн эс алуу күнү деп кабыл алган мыйзамга кол койду

Ливерпулдагы Эйнтри ипподромунда жыл сайын Grand National аталышындагы ат чабышы өтүп турат. Катышуучулар 7,242 чакырым аралыктагы 30 тосмодон өтүүсү керек. Иш-чарага жыл сайын 100 миңге жакын сүрөөнчү келет

Япон кыздары реслинг боюнча күч сынашты. Сүрөттө: Калрл Ходзо (Kalrl Hojo) каршылашы Миеко Сатомуруну (Mieko Satomura) көздөй секирүүдө

Индиянын түштүк-батышында жайгашкан чиркөөдө чыккан өрттөн 110 адам көз жумду. Алдын ала маалыматтар боюнча, Коллам шаарында жайгашкан чиркөө ритуалдык майрамда колдонулган фейерверктен улам өрттөнүп кеткен. Маалымат каражаттары чиркөө толугу менен жараксыз болуп калганын жазып чыгышты

Венадагы аңчылыкка каршы чыккан демонстранттар

Кыргызстандын курама тобу хоккей боюнча Азиянын чакырык кубогунда эки чоң жеңишке жетишти. Биринчи оюнда кыргызстандыктар индиялык каршылашын 11:1 эсебинде жеңишти. Ал эми экинчи оюнда кыргызстандык команда Катар оюнчуларын 9:0 эсебинде жеңип алды. Жергиликтүү команда аталган турнирге үчүнчү ирет катышып жатат. Жеңүүчү топ Азия чакырык кубогунун элиталык дивизионуна чакыруу алат
