00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цифровая накладная вместо бумаги: как ЕАЭС меняет правила грузоперевозок
08:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Сапаттуу көчөттү тандоодо үч нерсеге маани бериш керек — багбанчылыкка кантип көңүл бурушат?
09:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Вырубки не будет: что «зашито» в загадочных бирках на деревьях бульвара Эркиндик
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Аарычылыкты өнүктүрүү билимсиз жана илимий изилдөөлөрсүз мүмкүн эмес». Тармактын жетишкендиктери жана келечеги кандай?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Снести нельзя оставить: по каким правилам в Бишкеке убирают самовольные постройки
12:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
CASA-1000 долбоору 2028-жылы ишке кирет — кандай иштер жасалды?
13:04
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
15:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Декларация до 1 мая: кому сдавать, что писать и как не нарваться на штраф
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Ушактын таасири: мамилеге дарыбы же коркунучпу?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Административная реформа в КР: политолог — о логике изменений и следующем этапе
18:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Ата мурасы — элге кызмат: Жаманбаев тууралуу кызынын баяны
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Фрунзе думал о розе ветров, Бишкек - о прибыли: разговор об агломерации и земле
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
21:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Апрель революциясынан багы ачылган беш инсан

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүү2010-жылдын апрелинде болгон окуялар. Архив
2010-жылдын апрелинде болгон окуялар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алты жыл мурун Кыргызстанда революция болуп, андан кийин бийлик алмашкан. Карапайым калк Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруусуна каршы чыгып, өлүмгө тик караган. Ал учурдагы бешиктеги бала биринчи класска барып калды.

2010-жылдын 7-апрелинде митингге чыккандар Ак үйдү алууга аракет кылууда. Архивдик кадрлар - Sputnik Кыргызстан
Митингге чыккандар Ак үйдү алууга аракет кылууда. Архивдик кадрлар
Апрель революциясынын арты менен ташы өйдө кулаган беш адам тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жазууну туура көрдү. 

7-апрель кыргыздын тарыхында кандуу жекшемби катары кала берери бышык. Айдын он беши караңгы, он беши жарык болгон сыңары 123 адамдын өмүрүн алган апрель окуясынан кийин бир канча адамдардын ити чөп жеди. Назарыңыздарга апрель революциясынан кийин багы ачылган беш адамды сунуштайбыз.

Мээрбек Мискенбаев:

Революцияга чейин: Мээрбек Мисканбаев 7-апрелге чейин мамлекеттик кызмат аркалаган эмес. Өмүр баянында жеке ишкер катары көрсөтүлгөн. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМээрбек Мискенбаев
Депутат Жогорку Кенеша Меербек Мискенбаев - Sputnik Кыргызстан
Мээрбек Мискенбаев

Революциядан кийин: 2012-жыл "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасы. 2015-жылы КСДП партиясынан Жогорку Кеңештин депутат болуп шайланган.

Алиясбек Алымкулов:

Революцияга чейин: 2007-2010-жылдары "Трубалык металлургия" компаниясынын Кыргызстандагы жана Тажикистандагы расмий өкүлү. 

Революциядан кийин: 2010-2014-жылдары КРдин Эмгек, миграция жана жаштар министри.

Данияр Тербишалиев:

Революцияга чейин: Малекеттик кызматтарда иштеген эмес. Өмүр баянында жеке ишкер катары көрсөтүлгөн. 

© Фото / пресс-служба ЖК КРДанияр Тербишалиев
Депутат ЖК КР Данияр Тербишалиев - Sputnik Кыргызстан
Данияр Тербишалиев

Революциядан кийин: 7-апрель революциясында "Патриот" элдик кыймылынын төрагасы катары жүргөн. Андан соң 2010-жылы КСДП партиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Жоомарт Сапарбаев:

Революцияга чейин: 2005-2010-жылдары "Ата-Мекен" партиясынын катарында оппозициянын активдүү мүчөсү. Мамлекеттик кызматта иштеген эмес. 

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖоомарт Сапарбаев
Экс-депутат ЖК Жоомарт Сапарбаев  - Sputnik Кыргызстан
Жоомарт Сапарбаев

Революциядан кийин: Апрель революциясынан кийин өткөн парламенттик шайлоодо "Ата-Мекен" партиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаты. 2015-жылы алтынчы чакырлышка да депутат болуп, бирок 2016-жылдын 11-январында өз ыктыяры менен депутатык мандатын тапшырган.

Гульнара Жамгырчиева: 

Революцияга чейин: 2004-2006-жылдары ОсОО "Интерсервис АЛЯН КВТ" ишканасында менеджер, бухгалтер-кассир болуп иштеген. Апрель революциясына чейин оппозициянын активдүү мүчөсү болуп жүргөн.  

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖамгырчиева Гульнара Оморовна
Жамгырчиева Гульнара Оморовна - Sputnik Кыргызстан
Жамгырчиева Гульнара Оморовна

Революциядан кийин: 2010-жылдын 7-апрелинен кийин КСДП партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп дайындалган. 2015-жылдын 28-январынан тарта КРдин акыйкатчысынын орун басары болуп эмгектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0