БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Бишкекте шаршемби күнү кечинде велосипед тээп бараткан окуучу кызды унаа коюп кеткенин Тез жардам станциясынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.
"Тез жардамга маалымат 21.04тө түшкөн. №42 мектептин жанында велосипедчен кызды машина сүзүп кеткени аныкталган", — деди ал.
Жабырлануучуга жардам көрсөтүлүп, Бишкек травмотология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилди. Анын баш мээси чайкалып, сөөктөрү сынганы белгилүү болду.
Борисов кырсыкка себепкер айдоочу авария болгон жерде экенин кошумчалады.