БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын эмгек жамааты Казакстандын Алматы шаарында концерт тартуулай турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-мартка белгиленген иш-чара Тарых жана маданият жылына жана улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата уюштурулууда.
"Өнөр ыйык, өткөндөрдүн мурасы, филармония — таланттардын уясы" атуу театрлаштырылган ири программадагы концерт Алматы шаарындагы Ауэзов атындагы Казак мамлекеттик академиялык драма театрында тартууланмакчы.
Концерттин мазмуну кыргыз элинин көркөм өнөр маданиятынын жаралуу тарыхын чагылдырат.
