Өспүрүмдөр командасынын Азия чемпионатындагы атаандашы эки айдан кийин белгилүү болот

© Sputnik / Табылды КадырбековОюн талаасындагы футболчу. Архив
Оюн талаасындагы футболчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чемпионаттын финалдык бөлүгү күзүндө Индияда өтөт. Кыргызстан турнирге биринчи орундан чыккан.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр командасы (U-21) тайпадагы атаандаштарын 26-май күнү билинет. Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирди.

Азия чемпионаты үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрдан 2-октябрга чейин Индияда өтөт. Кыргызстан чемпионаттын финалына биринчи орундан чыкты. Квалификациялык оюндар Бишкекте өткөн.

Жалпы жонунан турнирде Азиянын 16 өлкөсү ат салышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0