БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарында аба ырайы 19 градуска чейин ысыйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым учурларда 14 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Ал эми Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаабайт.
