БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. "Барса" командасынын чабуулчусу Лионель Мессинин тобу атаандашы "Вильярреал" командасына болушуп келген күйөрман кыздын бетине тийди.
Окуя оюндун башталышында болгон. Месси топту алыстан туруп тепкен. Ал тосмодон өтүп, стадиондун трибунасында отурган кыздын бетине тийген.
Кыз эс-учун жоготуп жыгылган. Ага ошол эле жерден медицинадык жардам көрсөтүлдү.
Ал эми оюн 2:2 эсеби менен тең аяктады.
"Барса" улуттук биринчиликте 30-турдун жыйынтыгы менен 76 упайга ээ болуп алдыңкы катарда келе жатат. Экинчи орунда 67 упай менен мадриддик "Атлетико" командасы турат. 66 упай менен "Реал Мадрид" келе жатат.