Редакциядагы кептер:
— Маратик Валуевдин жападан жалгыз көп жолку спарринг-өнөктөшү деген азил бар.
— Таң калбагыла, бирок ал чын эле Валуевдин өнөктөшү! Андан дагы Тиматиге жан сакчы болгон.
Албетте, мен Марат Жуманалиевдин бир топ эле бойлуу экенин болжоп жүргөм, бирок ушунчалык узун деп ойлогон эмесмин! Бою — 2 метр 12 сантиметр экен!
— Сизди байкабай калуу мүмкүн эмес экен. Жаныңызга келип, сүрөткө түшүп, автограф алгандар көппү?
— Ооба, көпчүлүктөн дароо эле бөлүнүп калам. Мурда буга аябай жиним келчү. Азыр жумшагыраак болуу керектигин түшүндүм. Анын үстүнө сыйлап келип жатышат да. Орой мамилени жек көрөм.
— Жылдыз оорусуна кабылдыңыз беле?
— Жок, ал эмне деген оору?
— Мисалы, көңүлүңүзгө туура келбеген чай алып келген официантты кагып-силкип жиберсеңиз, же сахнага чыгуу үчүн кандайдыр бир өзгөчө талап койсоңуз…
— Бизде андай деле эч нерсе жок.
— Макул анда, башынан баштайлычы. Айрымдар жылдап телеге чыгууну кыялданышат. Сиз туруп туруп эле телеге чыгып калдыңыз, болгондо Россиянын биринчи каналына…
— Мени ал жакка досум Элдияр Кененсаров чакырды. Көптө барып макул болдум, мен спортчумун да. Колуман келбейт го деп кооптондум.
— Коюңузчу, чын элеби?
— Мен профессионалдык бокс менен машыгам, ага чейин баскетболчу болчумун. Бир нече жолу Кыргызстандын чемпиону болууга жетишкем.
Баса, баскетболдун аркасы менен Якутиядан L'One менен таанышкам. Биз чогуу ойноп, машыкчубуз. Ал мезгилде ал жаңыдан эле чыгармачылыкка аралаша баштаган.
— Өзү менен ойнодуңуз беле?
— Ооба, Николай Валуев менен да спарринг-өнөктөш болгом.
— Чын элеби? Ким кимди жеңе алды?
— Бул жөн гана спарринг болчу да. Мен өзүмдүн кемчиликтериме гана байкоо салып жаттым.
— Анда сизди жеңди деп эсептей берейинчи. Жылдыздар менен тааныштыгыңыздын пайдасы тийдиби?
— Анча-мынча. Бир жолу L'One чалып, Тиматиге жан сакчы керек экенин айтып, жумушка орношком.
— Шаан-шөкөттөрүнүн баарында коштоп жүрдүңүз да, ээ?
— Ал андай кечелерди көп жактыра бербейт экен. Убактысы да дайым тартыш болчу. Жол боюндагы кафелердин биринен өзөк жалгап, андан ары кетчүбүз.
— Текебер адамдай көрүнөт…
— Кадимкидей эле киши. Кеңеш берип, колдоо көрсөтө алат. Ал бизге кулдарындай мамиле жасачу эмес.
— Алгач телекамера алдына чыкканда корктуңузбу?
— Рингге чыгуу андан да коркунучтуу. Ал жакта сен жапжалгызсың, сүйөп-таяп коё турган командаң жок, көңүлдүн баары сага гана бурулат. Андан кийин КВН баланын оюнчугундай эле болуп калат.
— Көшөгө арты дайым чоң кызыгууну жаратып келет…
— Балдар өз-өзүнчө болуп тексттерин кайталашат. Кээде жөн жерден эле жакшы инсценировакалар пайда боло калат. Буга башка командалар көз салып калышат. Баса, алар даярдыктарга да катыша алышат.
— Идеяларды уурдап кетишсечи?
— Ар кимдин өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Башка команда сахнага чыга калып эле азиаттар жөнүндө тамашалай албайт да.
— Сиз сахнада көп деле сүйлөбөйсүз, демек, ал жерде туруп алып деле башка нерселер жөнүндө ойлой аласыз да. Ошондой убакта кимди карайсыз? Калыстар тобу, күйөрмандар?
— Мага Баха (Бахтияр Дастанбек уулу) сахнанын четин карап турууну айткан. Бул оюңду адаштырбайт.
— Образга дароо эле кирип кеттиңизби же сын-пикир угууга туура келдиби?
— Албетте, капитаныбыз Элдияр Кененсаров жардам берди, көптөгөн кеңештерин айтты.
— Капитаныңар катаалбы?
— Жок.
— Тамашаларды жазгандар менен аны аткаргандар таптакыр башка адамдар деген уламыштар бар. Силерде да ушундайбы?
— Биздин командада Ситора экөөбүздөн башкасынын баары жазат. Командабыз чынында эле абдан шайыр. Мындан улам мен да аз-аздап тамашалашканды үйрөнө баштадым.
— Чыгармачыл адамдардын ар кимиси өз көмөчүнө күл тартып, көп учурда пикир келишпестиктерге барышат дешет?
— Бизде андай эмес. Ар кимдин өзүнө жүктөлгөн милдети бар.