БИШКЕК, 18-мар. – Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу 22-марттан 25-мартка чейин жабылат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" Улуттук компания" мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, поезд жана унаа каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Боом капчыгайындагы 108-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.
Аталган багыт, Ички иштер министрлигинин жол кайгуул кызматы тарабынан саат 9:00дөн 15:00гө чейин маал-маалы менен жабылып турат.
Эгер 30-40 унаа чогулуп калса, таштарды кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлөт.
Таштарды кулатуу күндүз, күн ачык мезгилде жүргүзүлөт.