БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Быйыл сентябрь айында Ысык-Көлдө Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) терроризмге каршы "Тынчтык миссиясы — 2016" штабдык машыгуулары өтө турганын Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы билдирди.
Бейшемби күнү Бишкекте Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын аскер делегацияларынын башчылары жыйынтыктоочу протоколго кол коюшту.
Машыгуулар "Эдельвейс" окуу борборунун базасында 5-13-сентябрь күндөрү өтөт.
Ушул эле күндөрү (3-8-сентябрь) Ысык-Көлдө Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өтүшү күтүлүүдө.