БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда үч балдык жер титирөө болгонун ӨКМ билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жердин силкинүүсү кечээ саат 20.51де катталган. Очогу Ысык-Көл облусундагы Кутургу айылынан түндүк-батышты көздөй сегиз чакырым, Ак-Булуң айылынан 12, Күрмөнтүдөн 15 жана Түп айылынан 26 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Аталган айылдарда силкинүүнүн күчү 2,5-3 баллдык болуп сезилген.
Жер титирөөдөн жабыр тарткандар катталган жок.