Европа менен америкалыктардын үчтөн бири Крымды Россиянын жери деп эсептейт

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүПрохожие на зимней набережной Ялты. Архивное фото
Прохожие на зимней набережной Ялты. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ менен Францияда сурамжылоого катышкандардын 26 пайызы Крымды Россиянын бир бөлүгү деп эсептесе, 42 пайызы "билбейм" деп жооп берген.

БИШКЕК, 16-мар — Sputnik. Sputnik.Пикирлер сурамжылоосунун натыйжасы боюнча америкалык, голландиялык, англиялык, француз, немис жана италиялыктардын болжол менен үчтөн бири Крымды Россиянын жери деп эсептей турганы белгилүү болду.

Сурамжылоо Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун тапшырыгы менен АКШ, Улуу Британия жана Нидерландда Populus компаниясы, ал эми Франция, Италия менен Германияда Ifop компаниясы тарабынан жүргүзүлдү.

Европлыктар менен америкалыктардын үчтөн бири Крымды Россиянын бир бөлүгү деп эсептейт
Европлыктар менен америкалыктардын үчтөн бири Крымды Россиянын бир бөлүгү деп эсептейт - Sputnik Кыргызстан
Европлыктар менен америкалыктардын үчтөн бири Крымды Россиянын бир бөлүгү деп эсептейт

"Крымды Россиянын бөлүгү деп эсептейсизби же жокпу?" деген суроого италиялыктардын 39 жана германиялыктардын 37 пайызы "ооба" деп жооп берген. Улуу Британия менен Нидерландда бул көрсөткүч 33 жана 32 пайызды түзгөн. АКШ менен Франция Крымды Россиянын бөлүгү деп эсептей тургандардын саны 26 пайыз болгон. Мында "билбейм" деген жоопту америкалыктардын 42 пайызы узаткан.

АКШ, Улуу Британия жана Нидерландда сурамжылоо үстүбүздөгү жылдын 4-9-март күндөрү өттү. Ага 18 жаштан жогорку 3092 адам катышкан: Нидерландда — 1004, Улуу Британия менен Түндүк Ирландияда — 1085, ал эми АКШда — 1103 киши тартылган. Франция, Италия менен Германияда сурамжылоо 8-10-март күндөрү өтүп, ага жалпысынан 3001 респондент: Францияда — 1005, Германияда — 1102, Италияда — 994 адам адам катышкан.

Путин Европага кирбей калышы мүмкүн
Сурамжылоого катышкандар жынысы, жаш-курагы жана географиялык өзгөчөлүгү боюнча ар түрдүү топторго кирет. Ишенимдүүлүктүн 95 пайыз мүмкүндүгүн эсепке алганда ар бир өлкө боюнча маалыматка болгон ишеним +/- 3,1 пайызды түзөт.

Коомдук пикирди изилдөө боюнча эл аралык долбоор 2015-жылдын январында башталган. Долбоордун өнөктөшү белгилүү Populus жана Ifop изилдөө компаниялары болду. "Sputnik. Пикирлер" долбоорунун алкагында Европа жана АКШ өлкөлөрүндө маанилүү социалдык жана саясий маселелер боюнча сурамжылоолор үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. 

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Sputnik маалымат түрмөгүнө жазылгандар үчүн англис араб, испан жана кытай тилдеринде кабарлар күнү-түнү жаңыланып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0