00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Шаарды сүйсөң — тартипти сакта! Муниципалдык кызматкерлер эми көрктөндүрүү эрежесин бузгандарга айып салууга укуктуу
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Ишкердикти өнүктүрүү фонду 8% менен арзандатылган насыя берүүдө — кимдерге тиешелүү?
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«Россия с вами»: в Оше открылся новый центр для молодёжи и творчества
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Калькулятордон да ылдам эсеп чыгарган окуучу кыздар
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Минская конференция: как формируется новая архитектура евразийской безопасности
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Менеджмент – ишкерликте эмнеге маанилүү?
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ошто табылган жумурткада "Аллах" деген жазуу болушу мүмкүн

© Акмат РаманкуловОшто табылган жумурткада "Аллах" деген окшош жазуу менен. Архив
Ошто табылган жумурткада Аллах деген окшош жазуу менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган окуя Өзгөн районуна караштуу Семиз-Көл айылында болгон.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Ошто табылган жумурткада "Аллах" деген жазуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу аны таап алган малчы Жумабай Карабашов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди. 

Анын айтымында, жумуртка Өзгөн районуна караштуу Семиз-Көл айылында табылган.

"Келинчегим тооктордун жумурткаларын чогултуп жатып, өзгөчө жазуусу бар жумуртка таап алган. Анда арабча жазуу бар экенин көрүп, айылдын молдосун чакырдык. Ал жумурткада "Аллах" деп жазылганын айтты", — дейт Карабашов.

Анын айтымында, бул жумуртканы катардагы эле тооктордун бири тууган. 

© Акмат РаманкуловОшто табылган "Аллах" жазуусуна окшош жумуртка жана жөнөкөй жумуртка
Обычное и яйцо с похожим надписем Аллах найденное в Оше  - Sputnik Кыргызстан
Ошто табылган "Аллах" жазуусуна окшош жумуртка жана жөнөкөй жумуртка

"Учурда аны сактап койдук. Балким, жөжө бастырууга пайдалануубуз мүмкүн", — дейт айыл тургуну.

Семиз-Көл айылынын молдосу Абдимиталип Карабашовдун айтымында, жумурткада "Аллах" деген жазуу бар.

"Инимдин үйүнөн арабча жазуусу бар жумуртка табылыптыр. Алар арабча окуй албагандыктан мени чакырды. Менин оюмча ал жумурткада "Аллах" деген жазуу бар. Негизи жумуртканы тегерете жазуу бар экен. "Аллах" деген жазуудан сырткары "Мухаммад" деген да жазуу болушу мүмкүн", — дейт молдо.

Бул жумуртканы райондук молдолорго көрсөтүү керекпи деген суроого молдо азыр ага убакыт жок экенин айтты. 

"Биз райондун борборунан алыс жайгашкандыктан убакыт жок болуп жатат. Кол бошоп калса эле райондук имамга алып барабыз", — дейт имам. 

Айыл башчы Өлбөсаалы Алишеровдун айтымында, мындай окуя биринчи ирет катталууда. 

"Баарыбыз таң калып турабыз. Буга чейин мындай окуя болгон эмес. Бул жараткандын кудурети", — дейт Алишеров. 

Эске сала кетсек, буга чейин 2011-жылы Ысык-Көл облусунун Сары-Жаз аймагынан геологдор "Аллах" деген жазуусу бар таш табышкан.

Ал эми эксперттердин айтымында, эгерде тооктун жумуртка чыккан түтүктөрү жабыркаса жана жөжө же картайган кезинде тууса жумурткада ар кыл жазуулар пайда болушу мүмкүн.  

Жаңылыктар түрмөгү
0