00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Особый акцент
Мигрень, сердце и стресс: почему болит голова и когда стоит волноваться - советы невролога
14:05
60 мин
Ачык кеп
Өлкөдө гепатитке каршы эмдөө иштери жүрүүдө —кимдерге жана эмне үчүн маанилүү?
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Колледж КРСУ — место, где идеи становятся профессией
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Эне менен баланын коопсуздугу — төрөткө кантип даярдануу керек?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Полное взаимопонимание»: о чём договорились лидеры Кыргызстана и России
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Таланты бааланбай, унутта калып бараткан таланттуу актёр Бекин Сейдакматов
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
ОСАГО — обязательное, но игнорируемое. Почему кыргызстанцы не спешат оформлять автостраховку
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
4 мин
Ачык кеп
Өлкөдө гепатитке каршы эмдөө иштери жүрүүдө —кимдерге жана эмне үчүн маанилүү?
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Келдибековдун иши боюнча сот чечимин 11-мартта чыгармай болду

© Фото / пресс-служба ЖК КРАхматбек Келдибеков. Архив
Ахматбек Келдибеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Прокурор Келдибековду 10 жылга эркинен ажыратууну суранды. Адвокаты өз кезегинде ал убагында өлкөгө кызмат өтөгөнүн эске албай жаткандыктарын, катардагы жаран эмес, өлкөдөгү экчинчи адам болгонун айтууда.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бишкек шаардык сотто мурунку спикер Ахматбек Келдибековдун иши каралып, анда тараптардын жарыш сөз сүйлөөсү уланды.

Алгач 16 томдон турган иш боюнча тактоолор жүрдү. Андан соң тараптардын жарыш сөзү орун алды.

Судебный зал верховного суда КР. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Президент сотторго квалификациялык класстарды берүү жөнүндө жарлыкка кол койду
Биринчи болуп мамлекеттик айыптоочу сөз баштады. Ал Келдибековду Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп турганда корупциялык кадамдарга барган деп күнөөлөп, ал кадамы үчүн 8 жыл экринен ажыратууну суранды. Андан соң Келдибековго коюлуп жаткан Москвадагы Жогорку Кеңештин атайын өкүлчүлүгүн ачуу жөнүндө айыбы боюнча да керектүү далилдер чогулганын айтып, тогуз жылга кесүүнү суранды. 

Кылмыш жаза кодексинин талабына ылайык, айыпталуучуга бир жаза мөөнөтүн берүүнү эске алуу менен мамлекеттик айыптоочу жалпы эсеп менен Келдибековду мүлкүн конфискациялап катуу режимде 10 жылга эркинен ажыратууну суранды.

Өз кезегинде экс-спикердин адвокаттары сөз сүйлөп, коюлуп жаткан күнөөлөр далилденбегенин билдиришти. 

"Ахматбек Келдибеков убагында өлкөгө кызмат өтөгөнүн эске албай жатасыңар. Катардагы жаран эмес, өлкөдөгү экчинчи адам болгон. Алты баласы бар. Мамлекеттик айыптоочу ушунун баарын эске алса болмок", — деди адвокат Наталья Чильникина.

Адвокаттар буга чейин Келдибековго 17 жолу кылмыш иши козголуп, кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу токтотулган айтып, бул саясий буйрук экенин билдиришти.

Тараптардын жарыш сөзү бүтүп, Келдибеков өз пикирин айтты.

"Мен мамлекеттен бир тыйын алган эмесмин. Эгерде корупцияга катыштыгым далилденсе жаза өтөөгө даярмын", — деди Келдибеков. 

Соттук отурум 11-мартка жылды. Анда соттун чечими чыгары белгилүү болду.

Келдибеков Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналистине соттор адилетүү чечим чыгарат деген үмүтү бар экенин билдирди.

"Колдон келген далилдердин баарын көрсөттүк. Жогору жактан буйрук келбейт деп ойлойм. Эгерде андай болсо мени биринчи инстанциядагы сот күнөлүү деп тапмак. Мен соттун адилеттүү чечимине үмүт кылам", — деди Келдибеков.

Депутат Ирина Карамушкина. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карамушкина Бабановго 250 миң сом төлөмөр болду
Эскерте кетсек, Келдибеков 2002-2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турганда жана 2008-2009-жылы Салык кызматын башкарган убагында коррупцияга барган деп, жана ЖКнын спикери кезинде кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. 

Ага кылмыш жаза кодексинин 30-беренесинин төртүнчү бөлүгү (кылмышка шериктеш болуу), 303-беренесини биринчи бөлүгү (коррупция), 304-беренесинин төртүнчү бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон. 

Келдибеков жогорудагы айыптар менен 2013-жылы камакка алынган. Биринчи май райондук соту Келдибековду коррупция беренеси боюнча актап, ал эми Москвадагы өкүлчүлүктү ачуу боюнча үч миллион айып пул салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0