БИШКЕК, 9-мар. – Sputnik. Кечээ борбор калаадагы "Жаңыбайдын жаңы самсасы" аттуу самсаканада өрт чыкканын ӨКМ билдирди.
Өрт 8-мартка караган түнү саат түнкү 3.00дө болгон. ӨКМнын маалыматына ылайык, чатырдын 120 чарчы метри менен гипсокартон дубалдар күйгөн. Мындан тышкары, алты муздаткыч менен кир жуучу машина жарабай калган.
Жалындан имараттагы эмерек менен каалгалар да жабыр тарткан. Азырынча кырсыкка эмне себеп болгону ачыктала элек. Кырсык кесепеттерин жоюуга беш өрт өчүрүүчү унаа тартылган.