Айымдардын эң жакын курбусу бриллиант болсо, гүл эң жакын сырдашы. Бул майрамды гүлсүз элестетүү мүмкүн эмес. Майрамдын урматына гүлдөрдүн баасы канчага өзгөргөнүнө кызыгып көрдүк.
Жалпы жонунан төрт күн ичинде голландия розалары 150 сомго, кения розалары 120 сомго, жөнөкөй роза 120 сомго, ал эми жоогазын 50 сомго, хризантема 40 сомго жана фрейзи 50 сомго кымбаттаган.
Бишкек шаары:
4-март.
- Голландия розалары — 200-210 сом.
- Кения розалары — 100 сом
- Жөнөкөй роза — 150 сом
- Жоогазын — 100 сом
- Хризантема — 130 сом
- Фрейзи — 50 сом
- Атайын букетке ороп берүү — 100 сом
- Жеткирип берүү 200 сом.
7-март.
- Голландия розалары — 250 сом.
- Кения розалары — 150 сом
- Жөнөкөй роза — 175-200 сом
- Жоогазын — 130 сом
- Хризантема — 150 сом
- Фрейзи — 80 сом
- Атайын букетке ороп берүү — 150 сом
- Жеткирип берүү — 200 сом. Кээ бир жерлерде майрамга карата арзандатуу менен 100 сом.
8-март.
- Голландия розалары — 330-350 сом.
- Кения розалары — 200-220 сом
- Жөнөкөй роза — 250-270 сом
- Жоогазын — 150 сом
- Хризантема — 160-170 сом
- Фрейзи — 100 сом
- Атайын букетке ороп берүү — 100 сом
- Жеткирип берүү 200 сом.
Ош шаары:
4-март.
- Голландия розалары — 250 сом.
- Кения розалары — 150 сом
- Жөнөкөй роза — 130 сом
- Жоогазын — 100 сом
- Хризантема — 120 сом
- Фрейзи — 100 сом
8-март.
- Голландия розалары — 270-300 сом.
- Кения розалары — 150 сом
- Жөнөкөй роза — 150 сом
- Жоогазын — 150 сом
- Хризантема — 170 сом
- Фрейзи — 100 сом
Жалал-Абад:
4-март.
- Голландия розалары — 220 сом.
- Кения розалары — 200 сом
- Жөнөкөй роза — 180 сом
- Жоогазын — 120 сом
- Хризантема — 150 сом
- Фрейзи — 80 сом
8-март.
- Голландия розалары — 270 сом.
- Кения розалары — 230 сом
- Жөнөкөй роза — 200 сом
- Тюльпан — 150 сом
- Хризантема — 170 сом
- Фрейзи — 100 сом
Мындан сырткары сатуучулар сиздин тандооңузга жараша букет жасап берет. Жогорудагы баалар боюнча каалаган гүлүңүздү букетке коштуруп алсаңыз болот.
Тилекке каршы 1000 сомго үч гана розадан турган букет келет. Ал эми көзгө көрүнүктүү болсун десеңиз 1500 сомго беш кения розасын, фрейзи жана хризантема кошуп койсоңуз болот.