БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бир катар облус менен Бишкек шаарынын машыктыруучулары үчүн эки күндүк семинар өткөнүн Футбол федерациясы билдирди.
Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин менен жолугушууга Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облустары менен Бишкек шаарынын насаатчылары келди.
Семинар эки бөлүктөн турду — теориялык бөлүгүндө федерациянын техникалык директору Игорь Кудренко Крестинин менен катышуучуларды окутуу менен балдар жана өспүрүмдөрдү машыктыруудагы жаңы методика менен тааныштырышты.
Иш-чаранын практикалык бөлүгү федерациянын Футбол борборунда өттү.