БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариевдин жеке видеооператору Алтынбек Деркембаев Чүй облустук "СТВ" телеканалына директор болуп дайындалганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Ишемби күнү жаңы жетекчини каналдын эмгек жамаатына министрликтин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору Бактыгүл Норузбаева тааныштырды.
Ал Деркембаевге ийгиликтерди каалады.