БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариевдин Нарын облусуна бир күндүк иш сапары башталганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Анын алкагында өкмөт башчы Нарын шаарында курулуп жаткан Борбор Азия университети менен таанышмакчы.
Ошондой эле Нарын шаарында өтө турган билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча республикалык кеңешмеге жана 2016-2020-жылдарга билим берүү кызматын экспорттоо жана билим берүүнүн сапаты боюнча концепциянын бет ачарына катышат.
Мындан тышкары, премьер-министрдин Нарын облусунун активист аялдары менен жолугушары күтүлүүдө.
