БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы Бостери айылынын жашоочулары аймактагы төрт гектарлык таштанды жайы боюнча маселе чечилбесе Көчмөн оюндары учурунда нааразылык акциясына чыга тургандыктарын айтышууда. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.
Маалыматка ылайык, Акыйкатчы институтуна "Тилектеш-Солидарность" жарандык кыймылынын координатору Каработоев менен активист Барабина аталган таштанды полигонун жабууну колдоо боюнча өтүнүч менен кайрылган.
Таштандыны башка жакка көчүрүү жер тартыштыгынан улам мүмкүн болбогондуктан, аны 80-90 метр бийик жерге көчүрүп, аталган жер тилкесинин категориясын өзгөртүү менен атайы таштанды жай ачуу боюнча документтерди даярдоону сунуштаган.
Комиссиянын мындай чечимине жергиликтүү жашоочулар каршы чыкты. Алардын айтымында, аталган таштандыдан улам алардын турак жайы бааланбай, туристтик бизнес менен алектенүүгө жол жапты.
Таштанды маселе чечилбесе, бостериликтер күзүндө өтүүчү Көчмөндөр оюндарынын маалында митингге чыга тургандыктарын билдиришкен.
Акыйкатчы институту таштанды полигонунун жайгашуусу адамдардын укугун бузуп жатканын белгилеп, бул маселени Кубат Оторбаев жеке көзөмөлүнө алган.