Ислам дининин Кыргызстанда туура багытта турукташуусуна Чубак ажы Жалиловдун салымы зор. Баян айтып, хадистерден кеп учугун уласа кулактын кычуусу канат.
— Москва шаарына барып келдиңиз. Сапарыңыз байсалдуу болдубу?
— Алгач мечитке 5000 адам келет деп болжошкон экен, 25 миң адам чогулду. Куптанга чейин баян окулду. Чакырган тарап мынча адам келерин күткөн эмес экен. Мечитке бара жатканда эле көчөдө кыргыздардын көптүгүнөн Кыргызстанда жүргөндөй болдум. Чоң мечит чакан мечит көрүнүп калды. Абдышүкүр ажы менен чогуу баргандыктан, ошол адамдын кадыры менен киши көп келди.
— Мындан төрт жыл мурда да Россияга барып мекендештерибиз менен жолуктуңуз эле. Эмне өзгөрүү байкай алдыңыз?
— Төрт жыл мурун арман айткан адамдар көп эле. Бүгүнкү күндө көпчүлүктүн курсагы тоюп, ал деңгээлден жогорулап, көкүрөк толтурууну көксөп калышыптыр.
— Ошентсе да көйгөйлөр айтылгандыр…
— Москвага барардын алдында Интернет аркылуу мигранттардын көйгөйлөрүн изилдеп чыктым. Ал жактан адам өлтүрүү, тоноп кетүү, бири-бирин алдамай, бейчеки басуу жана башка маселелеринин алкагында кенен баян куруп бердик. Дин жаатында Россиядагы мигранттардын сабаты кыргызстандыктарга караганда кыйла жогору экенине күбө болдум. Анткени көпчүлүк мигранттар биздин сабактарды интернеттен көрүп турушат. Менин 8 миллион окурманымдын 80 пайызы россиялыктар, алар такай сабак алып турушат. Кыргызстанда жүрүп бир эле суроого 15 жолу жооп берсең да сурай беришет, ал жакта андай суроолор болгон жок. Жеке суроолор азыраак болуп, Кыргызстанды кантип өнүктүрүү керек, ынтымакты сактоо, үй-бүлөнү бекемдөө жаатында суроолор көп келди. Мындан сырткары бата сурагандар арбын болду.
— Бата деп калдыңыз, шайлоо алдындагы кайсы бир партияларга бата бердиңиз эле…
— Жамгыр менен жер, бата менен эл көгөрөт дейт. Менден бата албаган партия калган жок окшойт. Дээрлик баарына эле бата бердим. Кээ бири аларды тартып, интернетке чыгарып салыптыр. Ким сураса баарына эле бата берип жаттык. Болгону эгер парламентке барып калсаңар диндин өнүгүүсүнө салым кошкула дедик.
— Бирок алар Чубак ажы бизди колдоп жатат деген таризде интернетке чыгарып жиберишти…
— Мен эч кандай бир партияны колдогонум жок. Менден эмне үчүн арак чыгарган адамга бата бересиз деп көптөр сурашат. Андай адамдарга бата бербеш керек деген сөз жок, эгерде аны арак чыгарат десек башкасы мародер, кийинкиси ууру, дагы бири заводдорду сатып жиберген каапыр болуп чыга келет. Такыр күнөөсү жок болсо периште болуп калбайбы. Туура эмес жолдо жүргөндөргө бата берсек, балким оңолуп кетет деген үмүт менен бата аяган жокпуз. Мен бир партияны чын эле колдогум келди, анткени алар жалаң жаштар экен. Бирок калыстык үчүн баарына бата бердим. Мен бата берген партиялар азыркы парламенттин 80 пайызын түзөт десем жаңылышпайм.
— Сизди да депутат болот экен деген каңшаар чыкты эле…
— Мага көп партиялар орун сунуштап, "атыңыз эле керек, эч кандай чуркабайсыз" дешти. Ошол партиялардын 90 пайызы азыр Жогорку Кеңеште отурат. Ошондо макул болгондо парламентке өтмөк экенмин деп ойлоп жатам. Мен ал партияларга ыраазычылык билдирем. Башында парламентте мыйзам жазып, башка пайдалуу жумуштарды аткарсам деп ойлогом. Кайра Кыргызстандын келечегин кылдаттык менен талдап көрүп ал пикирден кайттым. Мени кайсы бир партияга барат экен деген имиш чыкканда, Чубак ажы мусулмандардын добушун алып кетет дешип башка партиялар да катарына молдолорду чакыра баштады. Ошонун арты менен парламентке ар кыл агымдагы молдокелер барып калса, ошол жерден бири-бири менен чабышып, динди жаман көрсөтүп койбосун деген ой менен өзүмдү тыйдым. Мен барбайм дегенден кийин башка партиялар тизмелеринен молдолорду чыгарып салышты. Жеке өзүм барганда эч кимисине сөз бермек эмесмин. Мындан тышкары ар кыл күчтөр келип, мамлекетке кедергисин тийгизип койбосун дедим. Чынын айтсам мен өзүмдү курмандыкка чалдым. Болбосо мен деле азыр парламентте отурмакмын. Мамлекеттин келечеги жеке кызыкчылыгыман жогору турат.
— Президенттик сунушталып калсачы?
— Жок, макул болбойм. Анткени шариятта өзүнө аманат алып, бийликти сурануу, өзүн сунуштоо — күнөө. Кайсы бир адамды, кайсы бир жумушка туура көрсө эл өзү сунушташы керек.
— Ошо эл айтып калса дегеним да…
— Ал өзүнчө маселе. Бирок мен өзүм каалабайт элем. Анткени элге кызмат кылуунун жолу ар кыл. Сөзсүз эле президент болуп кызмат кылуу керек эмес. Жөнөкөй жаран болуп да президенттен ашыра кызмат кылса болот. Ар бирибиздин мамлекет үчүн кызмат кылууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Мисалга кээ бир ишкерлердин бизнестери башка өлкөдө. Элге кызмат кылгысы келсе эмне үчүн Кыргызстанга алып келбейт.
— Негизи келечекте саясатка аралашуу планыңыз барбы?
— (Күлүп) Мен саясаттын ичиндемин деп ойлойм. Анткени мен өлкөдөгү баардык саясий иш-чарага катышам. Мыйзам долбоорлор менен таанышып турам. Азыркы Салянова сунуштап жаткан мыйзам боюнча да тааныштыгым бар. Анткени, мен өзүмдү саясаттан тышкары элестете албайм. Бул бийликке жетүү үчүн эмес, элдин жыргалчылыгын биринчи орунга коюу саясаты деп айтаар элем. Мен ар бир саясий окуяны байкап турам. Өлкөдөгү саясий окуяларга мусулмандардын туура позициясын, мындай болуш керек деп илимимди бөлүшүп турам. Саясатка сөзсүз эле депутат эмес, молдо болуп туруп да таасирин тийгизсе болот деп ойлойм. Мисалга кээ бир мыйзамдарга пикир билдирип, алар кайра артка кайрылган учурлар бар. Бирок ниет — бийликке баруу эмес, элге кызмат кылуу.
— Чубак ажы ушунчалык атактуулук менен эмнени көздөйт?
— (Күлүп) Бул туура суроо. Ооба, атактуулук бар. Мисалы кайсы бир жерге барсам министрлерден эмес, менден интервью алышат. Бул суроонун жообу менен бейишке баргым келет. Мен сабак берип жатканда атактуулукту көздөбөй, элге пайдалуу болсо дейм. Телеге чыкканда жакшы кийинип чыгыңыз, айылдагы чабандар кийген баш кийим менен деле дервиштей болуп чыгар бересиз дешет. Мен ага көп маани бергим келбейт. Анткени адамдар мени идеалдуу көрсүн деген түшүнүк да, далалат да жок. Жашоодо кандай болсом, прессада да ошондоймун. Мен өзүмдү адамдарга касиеттүү кылып көрсөткүм келбейт. Жаман көрсө да, жакшы көрсө да адамдын өз эрки. Жашоом ушул менин. Бир күнү касиеттүү көрүп, эртеси жаман пейилимден улам адамдар динден качып кетпесин дейм. Балким ийгиликтин сыры ушундадыр. Кудайым азыраак илим берди, ошону элге тараткым келет. Мени сотко берип, мечиттен кубалагандар болгон. Адамдын өзүн эмес, кайсы бир кадамын жаман көрсө болот. Адамдарга дайым жакшылык кылсаң, аны жүрөк менен сезет. Адамдарды, өзгөчө кыргызстандыктарды алдап болбойт. Анткени, саясатка өтө бышкан адамдар. Мен бул атактуулук менен президент же кайра муфтий болсом деген оюм жок экенин касам ичип айта алам.
— Ак үйдө намазкана ачылышына кандай пикирдесиз?
— Бизде эле эмес, Американын ак үйүндө деле намазкана бар. Бул жакшы көрүнүш. Депутаттардын көпчүлүгүнүн талабы менен ачылды. Кээ бирлер христиандар менен еврейлерге да сыйынуучу жай ачыш керек деп жатышат. Ишемби, жекшемби алардын майрам күндөрү. Ошол күнү Карамушкина чиркөөсүнө бара берсин. Ал күнү ак үй ачылбаса керек деп ойлойм. Бизде жума иш күнү болгондуктан, намазкана ачылган.
— Жума намазы үчүн бешинчи күнкү түштөнүү убактысын узартуу демилгесин колдойсузбу?
— Өтө жакшы демилге. Мен мурунтан эле айтып келе жатам. Турсунбай Бакир уулу жума күнүн эс алуу кылуу демилгесин көтөргөндө, мен "жок, ошол күнкү түштөнүүнү бир саатка узартып коюу керек" дегем. Жума күндү эс алуу кылууну мен каалабайт элем. Анткени Куранда жума намазы окулган соң ырыскыңарды издегиле деп айтылган. Түштөнүүнү 12:30дан 14:30га жылдырып койсо, студенттер, эркектердин баары жума намазга барып, парздарын аткармак. Мындан сырткары, Баш мыйзамдагы дин тутуу эркиндиги сакталмак. Жумага барбайсың десе, баш мыйзам ката болот деген сөз да. Ошондуктан баш мыйзамдын атасы Өмүрбек Текебаев бул демилгени өзү көтөрүүсү керек болчу.