00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цифровая накладная вместо бумаги: как ЕАЭС меняет правила грузоперевозок
08:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Сапаттуу көчөттү тандоодо үч нерсеге маани бериш керек — багбанчылыкка кантип көңүл бурушат?
09:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Вырубки не будет: что «зашито» в загадочных бирках на деревьях бульвара Эркиндик
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Аарычылыкты өнүктүрүү билимсиз жана илимий изилдөөлөрсүз мүмкүн эмес». Тармактын жетишкендиктери жана келечеги кандай?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Снести нельзя оставить: по каким правилам в Бишкеке убирают самовольные постройки
12:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
CASA-1000 долбоору 2028-жылы ишке кирет — кандай иштер жасалды?
13:04
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
15:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Декларация до 1 мая: кому сдавать, что писать и как не нарваться на штраф
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Ушактын таасири: мамилеге дарыбы же коркунучпу?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Административная реформа в КР: политолог — о логике изменений и следующем этапе
18:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Ата мурасы — элге кызмат: Жаманбаев тууралуу кызынын баяны
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Фрунзе думал о розе ветров, Бишкек - о прибыли: разговор об агломерации и земле
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
21:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жапалакта асынып өлгөн окуучу. Мечит менен мектептин ортосунда калган балдар

© Sputnik / Табылды КадырбековБаян угуп жаткан мусулман. Архив
Баян угуп жаткан мусулман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уулунан ажыраган ата бул трагедиядан кийин мектепти бүтмөйүн, окуучуларды мечитке көп жолотпош керек деген пикирде калганын билдирди.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Ош шаарынын Жапалак айыл өкмөтүнө караштуу Мээркан айылынын тургуну Базарбек Чоңмурунов 15 жаштагы уулунун асынып өлүшүнө мечитте айтылган ар кандай маалыматтар себепкер болушу мүмкүн деген пикирде. Бул туурасында ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Ош шаардык ИИМдин маалыматында, 21-февраль күнү чак түштө Мээркан айылында жашаган 8-класстын окуучусу Жеңишбек Чоңмурунов асынып, жанын кыйган. Иликтөөлөр баланын өлүмүнө эмне себеп болгондугун аныктай элек.

"Мектепти бүткүчө балдарды мечитке жолотпош керек"

Ал эми баланын атасы Базарбек Чоңмурунов уулунун 15-20 күндөн тарта мечитке каттап, өлүм, каза болуп калган адамдар туурасында маалыматтарды көп айтып келе баштагандыгын айтып берди.

"Кенжетайым болчу. 15-20 күн мурда мечитке каттай баштады эле. Баламдын оозунан "өлсө мындай болот имиш","жаннатка чыгат экен", "апасы өлсө, мындай экен", "ата-энесине куран окутууну айтышты" деген сөздөрдү уга баштадым. Азыр муну эмне кыласың, андан көрө онунчу классты бүтүп, анан мечитке барсаң деле жетишесиң десем, ага көңүл деле бурган жок", — дейт Чоңмурунов.

Уулунан ажыраган ата бул трагедиядан кийин мектепти бүтмөйүн, окуучуларды мечитке көп жолотпош керек деген пикирде калганын билдирди.

"Балдарды 11-класска чейин мечитке жолотпош керек деген пикирге келдим. Аң-сезимин биротоло башка жакка буруп салат экен. Мектепти такыр карабай койду, мүнөзү өзгөрдү. Үйгө түндө, саат ондордо келет. Намазды үйдөн окусаң болот да, уулум деп да көрдүм. Тыянак чыккан жок", — деди үшкүрүнгөн атасы.

Чоңмуруновдун айтымында, материалдык жактан абалы начар эмес, колунда жетишерлик мал-жаны, техникасы бар, андыктан жанын кыйган уулунун "кандайдыр бир карыздары, материалдык жактан көйгөйү болушу мүмкүн эмес".

Баланын өлүмү боюнча кылмыш иши козголгон жок

Ош облустук ИИБдин маалымат кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаевдин маалыматында, бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон жок. 

"Ата-энеси доосу жоктугун айтып, сөөктү соттук-медициналык экспертизага берген жок. Окуя кокустук катары катталды, бирок, кылмыш иши козголгон жок. Учурда өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы жана тергөөчү иликтөөнү улантып жатат", — деди Ашырбаев.

Мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шаардагы мечит, медреселер текшерүүдөн өтүүдө
Ош шаардык ички иштер органдарынын өкүлдөрү каза болгон баланын ата-энесине кандайдыр бир шектенүү болсо эксгумация кылууну сунуш кылган. Бирок алар макул болгон эмес. 

Муфтият: мектептен мечитке чуркаган балдарды имамдын баяны токтотот

Бул окуядан кийин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына кайрылдык. Окуучулардын мектептен мечиттерге кетип жаткандыгын жөнгө салуу, мектепке тоскоол болбогондой кылып, диний жактан билим берүү жаатында пландалган иш-чаралардын бар-жоктугуна кызыгып көрдүк.

Бул жаатта муфтиятын үгүт-насыят бөлүмүнүн башчысы Билалидин Сайпиевдин пикирин уктук. 

"Христиандар, еврейлер үчүн жекшемби сыяктуу эле жума күнү бизде да дем алыш болгондо, "мечитке кетип калды" деген сөз чыкмак эмес. Менимче, дин, адеп-ахлак сабагын башка сабактардай кылып мектеп программасына киргизүү керек", — деди Сайпиев.

Ал абалдан чыгуунун дагы бир жолу катары имамдардын баяндарын мектептерде өткөрүү туурасында айтты.

"Балдар жума күнү мечитке имамдын жарым сааттык баянын угуу үчүн барат экен. Ошону мектепке уюштуруп берүү жолун издөө керек. Жумасына, же айына бир иреттен баян кылып берсек, бул дагы көйгөйдү оң жакка чечүүнүн жолу. Аталган маселени жакында Тоң районунда өтчү иш-чарада талкуулайлы деп жатабыз", — деди муфтияттын өкүлү.

ИИМдин өкүлү Ашырбаевдин маалыматында, өткөн жылы Ош шаары боюнча жашы жете элек 14 өспүрүм жанын кыйса, анын үчөөсү кыздар, 11и эркек балдар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0