Бул жолу сиздерге бадам тууралуу айтып беребиз. Жаздын келиши менен эң биринчилерден болуп бадам гүлдөйт. Учурда Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун боорундагы бадам гүл ачып, түштүк борборду көрккө бөлөп жаткан кез.
Бул өсүмдүк күнүмдүк тамак-аштан тарта, медицинага чейин колдонулат. Бадам тамактын даамын жакшы чыгарса, анын майы медицинада кеңири пайдаланылат.
Бул жумада Бишкек шаарында картошка, пияз, сабиз кымбаттады. Калган азык-түлүктүн баасы канчадан болуп жатканын инфографикадан караңыздар.