Улуттук банк өткөн жылы мамлекеттик акчанын сарпталышы тууралуу жаңы маалымат жарыялады. Sputnik Кыргызстан казынада 105 миллион эмес, болгону 100 сомдук каражаттын кандайча бөлүштүрүлөрүн инфографика аркылуу көрсөтүүнү чечти.
Баарынан көп акча — 24 сом билим берүүгө жумшалмак. Андан болгону 50 тыйынга аз каражат социалдык коргоого берилмек экен.
Коргоо жана коомдук тартип жаатына 14 сом сарпталмак. Ал эми башка мамлекеттик кызматтарга 13 сом 50 тыйын берилмек.
Саламаттыкты сактоо 12 сомго бааланса, экономикалык маселелерди чечүүгө 5 сом бөлүнмөк.
Турак-жай, коммуналдык чарбага 4 сом коросо, 3 сом — эс алуу, маданият жана динге жумшалмак. Ал эми айлана-чөйрөнү коргоого 70 тыйын жетиштүү болмок.