БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарында күн 21 градуска чейин ысый турганын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Ал эми Ош шаарында аба ырайы 22 градуска чейин ысык болот.
Кыргызстандын башка аймактарында дагы күн жылуу болот. Таласта +20, Ысык-Көлдө +11 жана Нарында +6 градуска чейин болорун Кыргызгидромет божомолдойт.