Жума намазын окуу үчүн түштөнүү убактысын узартуу туурабы?

© Sputnik / Табылды КадырбековМусулмандар айт намаз учурунда. Архив
Мусулмандар айт намаз учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаттары Эмгек кодексине өзгөртүү киргизип, жума намаз үчүн түштөнүү убактысын бир саатка узартуу демилгесин көтөрүүдө.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев жума күнкү түштөнүү убактысын бир саатка узартуу демилгесин көтөрүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Анын айтымында, бул демилге көпчүлүк жарандардын кайрылуусунан улам сунушталган.

"Намазга баргандар жума күндөрү жумушун таштап, же кечигип келишет экен. Ушундан улам түшүнбөстүктөр жаралат. Көпчүлүк мекемелерде түштөнүү убактысы 12:00дөн 13:00го чейин болот. Ал эми жума намазы 13:30да башталып, жарым саатка созулат. Андыктан Эмгек кодексине өзгөртүү киргизип, жума күнкү түштөнүү убактысын 12:00дөн 14:00гө чейин узартуу керек. Кодекстеги 40 сааттык талап бузулбашы үчүн түштөнүүгө кеткен бир саат убакытты кечинде же аптанын башка күнүндө иштеп коюуга болот", — дейт Төрөбаев.

Депутаттын пикиринде бул демилгенин мамлекеттик кызматкерлерге, анын ичинде депутаттарга тиешеси жок.

"Өлкөбүздүн 85 пайызы мусулман, андыктан бул демилге көпчүлүктүн кызыкчылыгын коргойт", — дейт депутат.

Ал арада мурунку депутат Турсунбай Бакир уулу эгерде бул демилгенин мамлекеттик кызматкерлерге тиешеси жок болсо, анда аны ишке ашыруунун кереги жок деген пикирде.

Бишкектеги борбордук мечиттин асмандан көрүнүшү. Көк тиреген мунаралар
"Мен буга чейин 1996-жылы жума күнүн эс алуу кылуу демилгесин көтөрүп чыккам. Өкмөт өткөрбөй койду. Бул мыйзам долбоорун колдойм. Бирок түштөнүүнү 12:00дон 13:00го чейин эмес, 12:30дан 14:30га жылдыруу керек. Эгерде мыйзам долбоору мамлекеттик кызматкерлерге тиешеси жок болсо, анда бул кадамга баруунун кажети жок", — дейт Турсунбай Бакир уулу.

Ал эми Кыргызстан муфтийдин орун басары Аким Эргешовдун пикиринде, бул мыйзам долбоору көпчүлүккө жакшы шарт түзүп бермек. 

"Калктын көпчүлүгү мусулман болгондуктан жума намазга баргандар арбын. Бул сааттар иш убактысына дал келип, кедергисин тийгизип коюшу мүмкүн. Андыктан бул демилгени биз толугу менен колдойбуз. Эмгек кодексиндеги ийкемдүүлүк түшүнүгүнүн негизинде түштөнүүдөгү бир саат убактысын узартып, ал сааттарды кечки убакка жылдырса болот", — дейт Эргешов.

Ал кошумчалагандай жооптуу мекемелер мурункудай эле иштей берүүсү керек. Мисалга, дарыгерлер, мугалимдер ишин токтотпоосу зарыл.

Ал эми Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги бул мыйзам долбоору демилге бойдон калышы мүмкүн экенин белгилейт.

Кыргызстан дин башкармалыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аттестацияга кирбей калган 59 медресе мүдүрлөрүнүн ордуна муфтий жаңыларын дайындайт
"Азырынча бир тараптуу пикир айтуу кыйын. Дыкат иликтөөдөн өткөргөн соң гана бир жыйынтык айта алабыз. Эгерде бул мыйзам кабыл алынса, баарыбыз баш ийишибиз керек. Мыйзам боюнча түштөнүүгө 60 мүнөт убакыт бөлүнөт. Бул тээ СССР доорунан бери келе жатат", — дейт министрликтин маалымат кызматы.

Алардын айтымында, бул мыйзам долбоорун өткөрүү кыйынга турат.

Борбордогу Компьютердик дүкөндөрдүн биринин ээси, жеке ишкер Элзар Абылкасымов бул демилгени колдойт.

"Менин кызматкерлеримдин арасында жума намазга баргандар көпчүлүктү түзөт. Түштөнүү убактысында соода деле көп боло бербейт. Жеке мен түштөнүү убактысына бир саат кошууга каршы эмесмин", — дейт Абылкасымов.

Бактыяр Шаршеев борбордогу банктардын биринде юрист болуп эмгектенет. Анын айтымында бул демилгени көпчүлүк кесиптештери колдоп жатышат. 

"Биздин кеңседе жума намазга баргандар көп. Аптанын бешинчи күнү жетекчиликтен сурана берип тажатабыз. Эгерде бул демилге ишке ашса, баарыбызга жакшы болмок деп ойлойм. Мечитке баруунун эч жамандыгы жок. Түштөнүүгө кеткен жарым саатты кечинде иштеп койсо болот", — дейт Шаршеев. 

Укук коргоочу Рита Карасартова бул мыйзам долбоорго каршы экенин билдирди. 

"Мен бул мыйзам долбоорго каршымын. Түштөнүү убакытысы бир саатка узартуунун кажети жок", — дейт Карасартова. 

Дүйнөлүк практикада Араб Эмирлиги, Иран, Бахрейн өлкөлөрүндө жума — эс алуу күнү болуп саналат. Ал эми Кыргызстанга канатташ Түркия, Пакистан мамлекеттеринде аптанын бешинчи күнү — иш күн.

Жаңылыктар түрмөгү
0