БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Жетимиш алты жашында техникалык илимдердин доктору, профессор Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин "Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо" факультетинин башчысы Эркин Нусупов кайтыш болду.Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине аталган окуу жайдан билдиришти.
Алар профессордун өлүмүнө — инсульт себепкер болгондугун айтышты.
Эркин Нусупов 1940-жылы 12-сентябрда Таластын Kара-Буура районунда туулган.
Окумуштуунун эмгеги жогору бааланып мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар ыйгарылган. Эл аралык инженерлер Академиясынын академиги, Илимдер академиясынын жогорку мектебинин жана КРдин инженерлер академиясынын академиги болгон. КРдин билим берүүсүнүн отличниги наамы ыйгарылган.
Нусупов менен коштошуу бүгүн Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде өттү.