Турганбаев: Акимовдун артында турган адамды таап чыгам

© Sputnik / Виктор ТолочкоИИМ башчысы Мелис Турганбаев. Архив
ИИМ башчысы Мелис Турганбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кол салууга дуушар болгон журналист Турат Акимов бул ишке ИИМ башчысы Мелис Турганбаевдин тиешеси бар экенин белгилеген. Өз кезегинде министр бул тагылган айып суу кечпей турганын айткан.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. ИИМ журналист Турат Акимовго кол салуу боюнча иштин бетин ачып, анын койгон күнөөсүнүн артында кимдир-бирөө турганы далилдейт. Бул тууралуу ички иштер министри Мелис Турганбаев билдирди.

Турганбаев Акимовдун иши тергелип жатканда министрликтен кетпейт
Өткөн жума күнү журналист Турат Акимовго кол салуу болгон. Дүйшөмбү күнү ал жыйын өткөрүп, кол салууга ИИМ башчысынын тиешеси болушу мүмкүн экенин айткан.

Министр журналисттин таккан айыбы суу кечпейт деп эсептей турганын ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов кечээ брифинг учурунда билдирген.

Турганбаев маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн ар дайым колдоп келгенин белгилеп, Кыргызстанда демократияны орнотууга жумшалган аракеттерди жокко чыгарууга жол бербей турганын кошумчалады.

ИИМ башчысы Акимовдун билдирүүсүнүн артында кимдир бирөө турарын, аны жакын арада ачыкка чыгарарын айтты.

"Иш президенттин жеке көзөмөлүндө. Аягына чейин туруп, кылмыштын бетин ачабыз. Акимовдун артында кимдир-бирөө турарын билем. Аны таап чыгам ", — деди ал.

Министрдин жардамчысы Рустам Айбашевдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын 15-16-февраль күндөрү өзүн журналист деп тааныштырган адам Турганбаев менен жолугушууну уюштуруп берүүсүн суранган. Жолугушуу 18-январга белгиленген. Министр менен сүйлөшүүгө келген Акимов Турганбаевге кимдир-бирөө кандайдыр бир маалымат берүүнү каалап жатканын, бирок шартка байланыштуу ал башка жакта экенин айткан. Ошондон баштап министр да, анын жардамчысы да Акимовду көргөн эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0