БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Шаардын "Чыгыш-5" кичи районуна караган Төкөлдөш аймагында бир адам өлтүрүлүп, экинчиси оор жаракат алганын Whats App канал аркылуу жергиликтүү тургун кабарлады.
"Окуя түн оокумда болсо керек. Бир адам бычакталып, экинчиси оор жаракат алган. Каза болгон кишинин сөөгү эртең мененки саат 08:00дор чамасында табылды. Ал жерге эл чогулуп, андан кийин милиция келди", — деп билдирди аталган аймактын жашоочусу. Жаракат алган жаран шаардагы ооруканалардын бирине жеткирилген.
Анын айтымында, Төкөлдөш аймагында батирде тургандар арбын болгондуктан, мындай көрүнүштөр бат-бат кайталанып турат.
"Көпчүлүгү чогулуп кечинде ичимдик ичкенди жакшы көрүшөт. Балким, бул жолу да ошондой болгондур", — деди ал.
ИИМ бул фактыны тактаганы менен, маалымат берүүдөн баш тартты.