БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев журналист Турат Акимовго кол салууну тергөөнү өзү көзөмөлгө алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы ички иштер министри Мелис Турганбаевге журналистке кол салган арам ойлууларды издөө боюнча ыкчам чараларды көрүүнү, тыкыс тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну тапшырды.
Журналист Турат Акимовду түндө белгисиз адамдар темир союл менен башка чаап кетишкен.