БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кыргызстандык спортсмендер грек-рим, эркин күрөш жана аялдар күрөшү боюнча Азия биринчилигинде үч медаль тагынганын аталган мелдештин официалдуу сайты кабарлайт.
Азия биринчилиги Таиланддын Бангкок шаарында 17-февралда башталып, 21-февралга чейин уланат.
Маалыматтар боюнча Мурат Романов 130 килограмм салмакта казакстандык Дамир Кузембаевди утуп, күмүш медаль тагынды.
Мындан сырткары 98 килограмм салмак категориясында Үзүр Жусупбеков жана 75 килограммдык салмакта Руслан Царев коло медаль тагынышты.
Азырынча биздин спортсмендер алтын ута элек.