00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Среда вместо воскресенья и другие новшества: как будут проходить выборы в КР?
08:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстандагы боор трансплантациясы: жетишкендиктер жана өнүгүү келечеги
09:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Анкарадагы кыргыз студенти: жардыруу болгон жерден кайда качаарымды билбей калдым

© AFP / EROL UCEMТүркиянын парламенти менен Башкы штабынын аймагына жакын жерде болгон жардыруу.
Түркиянын парламенти менен Башкы штабынын аймагына жакын жерде болгон жардыруу. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Терактыга күбө болгон Ибрагим үрөйү учуп, кыйкырган тейде качып баратып жыгылгандарды башкалары тепселеп кетпесин деп жардам бергенин айтып берди

БИШКЕК, 18-фев. – Sputnik. Анкаранын борбордук аймагында банкоматтан акча алып жатканда жарылган катуу добуш чыкты. Шок абалына түшүп, кайда качаарымды билбей калдым. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине 23 жаштагы кыргыз студенти Ибрагим Губаров билдирди.

17-февралда Түркиянын парламенти менен Башкы штабынын аймагына жакын жерде болгон. Светофорго аскерлерди ташып келе жаткан транспорт колоннасы токтогон учурда мина коюлган автоунаа жарылып, анын кесепетинен  28 адам курман болду, алардын 27си аскер адамдары экендиги маалымдалды. 

"Жардыруунун үнү чыкканда элдин баары чуркап, кача баштады. Шок болуп, эл чуркаган жакка же башка тарапка качуу керектигин билбей калдым", — дейт студент Губаров. 

Анын айтымында, эл жыгылып бири-бирин тепселеп кетпеши үчүн түрк жигиттери менен биргеликте ар тарапка чуркагандарды токтотконго аракет жасашкан.

"Адегенде кичине кыз жерге жыгылып калды, эл тепселеп кетпесин деп аны тургузуп, жардам бердик. Үрөйү учуп качкандарды тынчтандырууга аракет кылдык ", — деп айтып берди ал.

Анкарадагы кыргыз диаспорасынын башкы катчысы Адилет Абишовдун Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирүүсү боюнча, жардыруудан кийин кыргызстандыктар тарабынан чалуулар көп болгон. 

"Кыргызстандан жакындарын, тааныштарын негизи эле боордоштору тууралуу сурап чалгандар көп болду. Бактыга жараша, жабыркагандардын арасында кыргыз мекендештерибиз болгон жок", — деп билдирди Абишов.

Анын айтымында Анкарада буга чейин да мындай терактылар болгон. Айрым кыргыз студенттери корккондуктарынан сабакка бир нече күн барбай калган учурлар кездешкен. Бирок, окуусун токтотуп, өлкөнү таштап кеткендер болгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0