БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Бишкектеги Фучик сейил багынын батыш тарабындагы дарактарды кыйдырып жаткан жаран изделип жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын адиси Рамис Бокоев билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда бактардын кыйылган сүрөттөрү жарыяланган. Анда дарактар түнү менен кыйылып таң агарганча билгисиз адамдар тарабынан ташылып кетип жатканы айтылат.
"Фучик сейил багындагы дарактар 5-7-февралда кыйылганы белгилүү болду. Андагы аянт менчикке берилип кеткенине карабастан, акт түздүк. Бирок, ээси ким экени белгисиз болуп жатат", — деп билдирет Бокоев.
Белгилей кетсек, буга чейин ушуга окшош окуя катталганда сейил бактагы аянтча менчик экенине карабастан сотко берилген. Анда жерге ээлик кылган жарандын кызыл китепчесин жокко чыгаруу суралган. Аталган иш былтыр сотко берилип, учурда каралып жатканын Бокоев кошумчалады.