Кыргызстандын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине Россиянын Коргоо министрлигинен аскер техникасы келди.
Маалыматка ылайык, техникалар "Манас" эл аралык аэропортунан кабыл алынды. Негизинен толук комплектүү БТР-70М соот транспорту жана БТРдин механик-айдоочуларын интерактивдүү окутуу үчүн компьютердик жабдыктар тапшырылды.
Буга чейин Россия соот танк техникаларын, запастагы бөлүктөрү менен артиллериялык системаларды жана ар түрдүү ок атуучу куралдардын ок-дарыларын кайтарымсыз негизде берген.