БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Ош облусунда ири көлөмдө салык төлөөдөн баш тарткан үч ишкана аныкталганын Финансы полициясы билдирди.
Ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында аталган аймакта жайгашкан "Ордо Ойл Строй компани" ишканасы 2013-2014-жылдар аралыгында соода ишмердүүлүгү менен алектенип, казынага 22,2 миллион сом салык төлөбөй өткөн. Ал эми "Кайрат Алай" компаниясынын салык карызы 7,7 миллион сомду түзсө, дагы бир "Орекс плюс" ишканасы 2,2 салык төлөмүн которгон эмес.
Аталган компаниялардын жалпы жонунан мамлекетке келтирген зыяны 32 миллион сомдон ашкан.
Бул фактылар боюнча бир катар беренелердин негизинде кылмыш иштери козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.