БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрүү пунктары бир жумага жабыаларын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. "Торугарт" өткөрүү пункту 7-февралдан 13-февралга чейин жабык болсо, "Эркечтам" өткөрүү пункту 6-февралдан 14-февралга чейин жабык болот.
Чек араны жабуу демилгесин Кытай тарап сунуштаган. Себеби, ал жакта "Жаз майрамы" белгиленет.