БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусунун жетекчилиги турак-жай программасынын алкагындагы эконом-класстагы үйлөр курула турган жерди көрүп жана ишкерлер менен жолугуу максатында Нарын жана Талас облустарында жүрөт. Бул туурасында аталган фондунун маалымат кызматы билдирди. Чакан жана орто бизнести колдоо программасынын алкагында облуста иштеген компаниялар аталган фондудан 12 пайыз менен 15 миллион 750 миң сом кредит алган.
Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусунун кызматкерлери өкмөттүн Нарын, Талас облустарындагы өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери, шаар башчылары жана акимдер менен жолугат.