БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы 2016-жылкы ажы сапары үчүн авиакомпанияларга сынак жарыялай турганын муфтияттын Ажы-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, документтер эртеңден баштап 26-февралга чейин кабыл алынып, конкурс 1-мартта өтөт. Мында сынак зыяратчыларды Сауд Аравиясына жеткирүү үчүн Кыргызстан менен аталган өлкөнүн авиакомпанияларынын ортосунда болот.
Сынактын жыйынтыгы 2-март күнү белгилүү болот. Муфтият көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилген арыздар кабыл алынбай турганын кошумчалады.