БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Манас проспектиси менен Киев көчөсүнүн кесилишинде дүкөн өрттөнүп жатканын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт өчүрүүчүлөр окуя болгон жерге 6.55те келип, 7.29 да жалындын очогу өчүрүлгөн.
Мындан тышкары, эки өрт өчүрүүчү үчүнчү кабатта жашаган кызды алып чыгышкан. Бул учурда айлананы коюу түтүн каптаганы айтылат.
Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок. Өрт өчүрүү иштери улантылып жатат.